Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:40

Бангладеште жаштар кыймылынын лидеринин өлүмүнөн соң тополоң башталды


Хадинин өлүмүнөн кийин акцияга чыккандар Дакканын Карван-Базар районунда жайгашкан Prothom Alo гезитинин кеңсесин өрттөп салышты. 18-декабрь, 2025-жыл.
Хадинин өлүмүнөн кийин акцияга чыккандар Дакканын Карван-Базар районунда жайгашкан Prothom Alo гезитинин кеңсесин өрттөп салышты. 18-декабрь, 2025-жыл.

Бангладештин борбору Даккада жана өлкөнүн башка шаарларында жаштар кыймылынын лидери Шариф Осман Хадинин өлүмүнөн кийин башталган нааразылык акциялары ызы-чуу тополоңго айланды. 19-декабрга караган түнү жаалданган топтор бир катар басылмалардын имараттарын өрттөп, дүкөн-кафелерди талкалап чыгышты.

Жума күнү баш калаанын Шахбагх районунда нааразылык акциясына чыккандар жолдорду тосуп алышты. Ал жакка 200гө жакын демонстрант топтолгону кабарланды.

Алар "Сен кимсиң, мен киммин — Хади, Хади!", ошондой эле "Азыр бизге революциячыл өкмөт керек" деген ураандарды чакырып жатышты. Тартип коргоо органдары Дакканын бир катар көчөлөрүнө тосмо орнотуп, жол кыймылын чектешти.

32 жаштагы Шариф Осман Хади "Революция платформасы" кыймылынын өкүлү болгон. Ал былтыр премьер-министр Шейх Хасинанын өкмөтүн кулаткан студенттик нааразылык акцияларына активдүү катышкан. Маркум саясатка аттанууга камынып жаткан.

Өткөн жума күнү Даккада шайлоо өнөктүгүн баштап жаткан учурда Хадиге беткапчан адамдар кол салып, ал башына ок тийип жарадар болгон. Алгач жергиликтүү ооруканада дарыланып, кийин Сингапурга жеткирилген. Ал жакта алты күн жасалма дем алдыруу аппаратында жаткан соң көз жумган.

Шейх Хасина Индияга качып кеткен соң Бангладешти 2024-жылдын августунан бери Нобель сыйлыгынын лауреаты Мухаммад Юнус жетектеген убактылуу өкмөт башкарып келет. Жаңы шайлоо 12-февралга белгиленген.

Хадинин өлүмүнөн кийин элге кайрылуу жасаган Юнус "анын өлүмү өлкөнүн саясий жана демократиялык мейкиндиги үчүн орду толгус жоготуу" экенин айтты.

Ал жарандарды сабырдуулукка чакырып, иликтөө ачык-айкын жүргүзүлөрүн жана күнөөлүүлөр сөзсүз жоопко тартыларын убада кылды. Ошондой эле зомбулук өлкөнүн адилеттүү шайлоо өткөрүү жолуна тоскоол болорун эскертти.

Убактылуу өкмөт ишембини Хадинин элесине арналган улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады. Бул күнү мамлекеттик желектер жарым ылдый түшүрүлүп, өлкө боюнча атайын диний жөрөлгөлөр өтөт.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG